• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Шамбала” тасмасы Москвадагы “Будем жить” кинофестивалынын башкы сынагына кирди

Маданият 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. 2021-жылы 27-августтан 3-сентябрга чейин Москвада салтка айланган Россия кино күнүнө жана Москва шаарынын күнүн майрамдоого арналган “Будем жить” 10-кинофестивалы өтөт.

kyrgyzcinema.com сайтындагы маалыматка ылайык, “Шамбала” тасмасы 29-августта саат 20:00дө Москва кино үйүнүн чоң залында көрсөтүлөт.

“Айтыш-фильм” киностудиясынын катышуусунда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган “Шамбала” тасмасы Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинин мотивинде тартылган.

Сценарийдин автору жана режиссеру – Артыкбай Сүйүндүков, оператору – Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев, продюсери – Медер Сүйүндүков жана Элдияр Мадаким.

Башкы ролдордо: Артур Аманалиев (Шамбала), Назрет Дубашев (Момун чал), Талант Апыев (Орозкул), Жамилия Сыдыкбаева (Карыз чоң эне), Таалайкан Абазканова (Бекей жеңе).

Пикир

Оставить комментарий