• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Шамбала" тасмасы Россиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасынын Россиядагы бет ачары XXIX "Киношок" ачык кинофестивалында болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Фестиваль Анапа шаарында 17-23-октябрь күндөрү болуп өтөт. Аталган тасма толук метраждуу тасмалардын негизги сынагында көрсөтүлөт.

"Шамбала" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын июль айында Шанхай кинофестивалында болуп өткөн.

"Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган.

Пикир

Оставить комментарий