• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Шамбала» тасмасынын режиссёру Артыкпай Сүйүндүковго ЭКФ сыйлыгы тапшырылат

Маданият 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев «Шамбала» кино тасмасынын режиссёру Артыкпай Сүйүндүковго эл аралык кинофестивалдардын (ЭКФ) сыйлыктарын тапшырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу бүгүн кинематография департаментинин директору Муктаналы Бектеналиевдин катышуусунда өтөт.

Эскерте кетсек, кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» кыргыз тасмасы “КМШ өлкөлөрүнүн жана Балтиянын мыкты тасмасы” сыйлыгын жеңип алган жана 2021-жылы апрелде Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда “Ника” сыйлыгына татыган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр жана фильмдин жаратуучусу Артыкпай Сүйүндүков ошондой эле 2021-жылдын январда Калькуттадагы "Шамбала" тасмасын койгону үчүн эл аралык фестивалда мыкты режиссура сыйлыгын алган.

Пикир

Оставить комментарий