• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Шамбала” жана “Чек арада” тасмалары Шериктеш өлкөлөрдүн “Москва премьерасы” кинофестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Т. Океев атындагы улуттук киностудияда тартылган эки тасма Шериктеш өлкөлөрдүн “Москва премьерасы” эл аралык кинофестивалына катышат.

Фестиваль 12-17-ноябрь күндөрү Москва шаарында болуп өтөт.

Т. Океев атындагы улуттук киностудиядан билдиришкендей, кинофестивалга Кыргызстандын атынан режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан “Шамбала” жана Тынчтык Абылкасымовдун “Чек арада” тасмалары катышат. Белгилей кетсек “Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.

Ошондой эле кинофестивалдын алкагында “Эл достугу” бөлүмүндө белгилүү кыргызстандык режиссер Болот Шамшиевдин элесине арналып режиссердун тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат.

Пикир

Оставить комментарий