• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шамкеев: 7 айда айыл чарба тармагын жана аймактарды өнүктүрүүнү каржылоого дээрлик 1,5 млрд сом насыя берилди

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7 айында “Айыл банк” ААКсы айыл чарба тармагын жана аймактарды өнүктүрүүнү каржылоого дээрлик 1,5 млрд сом насыя берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Айыл банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Ал белгилегендей, банк айыл чарба тармагына жана аймактарды өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууну чечкен.

“Эгер былтыркы жылы айыл чарбаны каржылоо 47%ды түзсө, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата ал 66%ды түзгөн. Ошондой эле банктын насыялык портфели 21,5 млрд сомго көбөйтүлгөн”, - дейт Шамкеев.

Пикир

Оставить комментарий