• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шамкеев: Мамлекеттик ипотекалык насыялоо убактылуу токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча бюджеттик тармакта эмгектенген кызматкерлер үчүн каражаттарды берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, ал мурда бөлүнгөн 500 млн. сом көлөмүндөгү каражат толугу менен сарпталгандыгына байланыштуу.

“Каражаттарды кошумча бере баштоо үчүн Өкмөт буйрук чыгарып, Жогорку Кеңештин макулдугунан өтүшү керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканы 3,8 миң адам алды”, - деп түшүндүрдү ал.

Шамкеев эскерткендей, мамлекеттик ипотеканы 3 жылдан ашык тажрыйбасы бар мамлекеттик кызматкерлер ала алышат. Насыя 15 жылга чейин берилет, максималдуу сумма 3 млн. сомго дейре. 10% өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү төлөө керек.

Андан тышкары, Мамипотекалык компания жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга насыя берет.

“Башкача айтканда, үйлөрү 4-5 категорияда жабыркаган жарандар. Мындай насыяны 400дөн ашун адам алды. Учурда аларга каражаттарды берүү токтотулган жок”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий