• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шамырканов: Сабалган аскер офицерлер тарабынан зомбулук болгонун айткан эмес

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Сабалган аскер офицерлер тарабынан зомбулук болгонун айткан эмес. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, ӨКМдин аскердик бөлүгүндө сабалган аскердин иши министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө.

“Окуя 1-июнда кечки текшерүүнүн алдында денеге кароо жүргүзүү учурунда аныкталган. Ошол учурда аскер Бекзат Эсенбековдун буттары шишип калганы байкалган. Фельдшер дароо түшүнүк кат алып, анда аскер 21-майдан 26-майга чейин кезектеги эмгек өргүүсүнө барып келгенден кийин пневмониянын симптомдору пайда болгондугу жөнүндө жазган. Түшүнүк катта башкалар тарабынан күч колдонуу болгону тууралуу көрсөтмө болгон эмес. 2-июнда аскер бөлүгүнүн фельдшери жоокерди Беловодск айылындагы ооруканага алып барып, анда тиешелүү дарыгерлердин болбогонуна байланыштуу Бишкек шаарына жөнөтүшкөн. Республикалык ооруканада текшерүүдөн өткөндө анда пневмония бар экени аныкталган. Ал жерден №4 шаардык оорканага жөнөтүлүп, ошол жактан табарсыгында көйгөй бар экени аныкталган. Дарыгерлердин консилиумунан кийин баланы тез арада операция кылуу чечими кабыл алынган”, - деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, жоокер операциянын алдында өзүнүн сабалганы тууралуу жакындарына айткан. “Дарыгерлер операция оор өттү деп айтышты. Азыркы учурда анын абалы орто оор деп бааланууда. Министрлик, андан тышкары аскерди сабаган прапорщик Жаныбек уулу Төрөбайдын ата-энеси дагы ар тараптуу жардамын берип жатат”, - деди ал.

Шамырканов иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

“Учурда Аскер прокуратурасы тарабынан прапорщикти камакка алуу чечими чыгарылды. Бардык иликтөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат”, - деди ал.

Анын айтымында, азыр окуя болгон аскер бөлүгүндө бир катар кызматкерлер тергөө аяктаганга чейин убактылуу иштен четтетилди.

Эскерте кетсек, ӨКМдин жоокери ур-токмокко алынганын анын жакындары социалдык тармактарга жазган. Ал эми Башкы прокуратура ӨКМдин аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий