• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шарапты кайсы азык менен аралаштырбоо керек? Дарыгердин кеңеши

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Шарапты кайсы азык менен аралаштырбоо керектигин гастроэнтеролог Анна Денисова билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Дарыгер белгилегендей, шарап, ошондой эле спирт ичимдиктери менен такыр майлуу жана ачуу тамактарды жебеш керек.

“Алсак, сало, колбаса, семга, скумбрия, туздалган жашылча, васаби татымалын шарап менен кошо жегенге болбойт. Өнөкөт оорулары бар адамдар: гастрит же язва менен жапа чеккендерде оору күчөп кетиши мүмкүн. Спирт менен майлуу тамактардын аралашмасы панкреатит оорусуна алып келет. Ал учурда бейтапка бир гана операциялык жол менен жардам көрсөтүлөт”, - дейт Анна Денисова.

Гастроэнтеролог кошумчалагандай, алкоголду ченеп ичкенде организмге зыяны тийбейт. Күнүнө бир-эки бокал шарапка уруксат, ал эми күнүнө бир бөтөлкө ичүү панкреатит, гастрит же язваны күчөтүп жиберет.

Пикир

Оставить комментарий