• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шарджа – Бишкек – Шарджа багыты боюнча каттам кайрадан учуп баштайт

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Бишкек жана Шарджа шаарлар арасындагы туруктуу каттам учуусун улантаарын кабарлайт. Авиакаттам жумасына 3 жолу - шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы - төрт саатка жакын.

«МЭА» ААК учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып, алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий