• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шарджа - Бишкек - Шарджа. Жаңы каттам менен 167 адам учуп келди

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-июль күнү “Манас” Эл аралык аэропортуна Air Arabia авиакомпаниясынын “Шарджа - Бишкек - Шарджа” жаңы каттамы менен 167 жүргүнчү учуп келди.

Алар Шарджадан Airbus-320 учагы менен учуп келишкен.

Салт боюнча учакты “трифм аркасы” менен тосуп алышты. Учактан түшкөн жүргүнчүлөр боорсок менен бал даамдашты. Паспорттук көзөмөл терминалында “Мурас” фольклордук ансамбли кыргыз улуттук чыгармаларды аткарып жатышты.

Биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн аэропорттун, транспорт жана жолдор министрлигинин жана Туризм департаментинин жетекчилиги тосуп алды.

Белгилей кетсек, бул рейс боюнча учактар жумасына 4 ирет – дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү каттап турат.

Пикир

Оставить комментарий