• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шариат боюнча каржылоону кандай алса болот? — Чубак ажы Жалилов айтып берет

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Ислам Финансылык Борборунун Шариат кеңешинин мүчөсү, диний ишмер Чубак ажы Жалилов ислам банкингин өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда жагымдуу шарттар түзүлгөндүгү, каржылоонун ислам принциптери кайрымдуулук каражаттары эместиги, ошондой эле Шариат кеңешинин кызматы жөнүндө айтып берди.

Биздин өлкөдө акыркы бир нече жылдан бери салттуу банкингден сырткары каржылоонун ислам системасы иштеп келет. Белгилүү диний ишмер — Ислам Финансылык Борборунун Шариат кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ислам инструменттери Кыргызстан үчүн жаңылык болгону менен, ислам ааламында 14 кылымдан бери колдонулуп келгенин айтат.

Чубак ажы Сауд Аравиясындагы эл аралык университтердин биринде Шариат багыты боюнча билим алган. Шариат – жалпысынан мусулман укугу, фикхтин булагы деп эсептелинет, ал эми фикх шариаттын нормативдик-укуктук бөлүгүн түзөт. Чубак ажы “Мурабаха бүтүмү” боюнча ислам банкына кайрылган учурда эл билиши керек болгон 6 факты жөнүндө айтып берди.

«Мурабаха» биздин коомдогу «алып-сатуу» деген түшүнүктү берет

Банктын расмий тили кардарларга кыйыныраак туюлушу ыктымал. Болбосо ал биздин элге чоочун эмес, тааныш эле түшүнүк. Кыргызстандагы соода-сатыктын дээрлик 95% дал ушул «Мурабаханын» негизинде жүргүзүлүп, тиричилик өтүп келет. «Мурабаха» деген сөз биздин «алып-сатуу» дегенди эле билдирет. «Дордой» базарынан сатып алып, «Ош базарда» сатуу, же Кытайдан ташып келип Бишкекте үстүнө акча кошуп сатуу деген эле кеп.

Банк сиз ыраазы болгон баада гана сатат

Мурабаханы банктык кызмат катары ал турган болсок, ал банкта «Мурабаха бүтүмү» деп аталат. Бул келишим кандай иштейт? Сиз дүкөнгө барып телевизор алайын дедиңиз, бирок, сатып алууга кудуретиңиз жетпей калды дейли. Сиз, бул учурда ислам банкына келип, абалыңызды түшүндүрөсүз. Банк барып, телевизорду сатып алат да, өзүнө менчик катары каттатат. Андан соң өз эмгегин, өз кызыкчылыгын үстөк баа катары кошуп, сиз менен кеңешет. Эгер сиз ал баага ыраазы болсоңуз экинчи соода менен сизге кайра узак мөөнөткө бөлүп төлөө эрежеси менен сатат.

Ислам банк ишин «бекер» акча же кайрымдуулук деп түшүнүп алуу туура эмес

Биздин эл ислам банк десе эле, бекер акча, мечитте берилген садага сыяктуу көрүп жатышат. Жок, ислам банкингиндеги каражат кайрымдуулук каражаттары эмес, ал кадимки ишмердүүлүктөгү акча. Анын үстүнө акчалай түрүндө колуңузга карматпайт. Сизге каалаган буюмуңузду өз кызыкчылыгын сиз ыраазы болгон баада кошуп сатып берет.

ИФБ пайыз койбойт, бирок айып пул салат

Ислам Финансылык Борборунда пайыз деген түшүнүк жок. Болгону, ай сайын төлөй турган үлүштөрүн кечеңдеткен кардарларга айып пул салынат. Башка банктарда айып пулдун каражаттары алгач банктын эсебине кошулуп, андан соң бөлүштүрүлөт.

Ислам Финансылык Борборунда айып пулдан түшкөн каражаттар Шариат кеңешинин көзөмөлү менен түз эле кайрымдуулук фондунун эсебине түшөт.

Учурда дүйнөлүк ислам аалымдары айып пул маселеси боюнча баш катырышууда. Бирок азырынча андан башка жолун табыша элек.

Ислам банк жүрүмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунда турат

Салттуу жана ислам банктарына тийиштүү стандарттар бар. Ислам баалуу кагаздарын иштеп чыгуу, ислам банкинги боюнча мыйзамдардын көптүгү жана шарттардын түзүлгөндүгү боюнча Кыргызстан КМШ өлколөрүнүн арасынан биринчи орунда турат. Ислам банктары биздин өлкөдө КР Улуттук банкынын талаптары, эл аралык уюмдардын эрежелери, Шариаттагы эрежелерге ылайык иш алып барышат. Эгер ислам стандарттары айтылбай калган же аткарылбай калган учурларда, биз, Шариат кеңешинин мүчөлөрү ислам китептерин талдап же ислам шариаты боюнча башка булактардан карап жооп беребиз.

Каржы кызматтарынын араб тилинде аталып калуусу бул эларалык эреже

Ислам банкингинде колдонулган терминдер, анын ичинен «Мурабаха» сөзү «Курани карим» китебинен алынган. Кээде Курандан түз болбой, бирок ошого багыт берилген болот. Кыргызстан шартында «алып-сатуу» десе болот. Бирок, дүйнө Кыргызтан менен эле бүтүп калбайт, ааламдашуу процесси өз таасирин тийгизет. Чет өлкөлөрдөн келген жарандар же бизден башка мамлекеттерге баргандар ислам банкингиндеги кызматтарды оңой табуусу үчүн эларалык түшүнүктүү терминдер колдонуу зарылдыгы бар.

ИФБ менен байланышуу:

6111 (мобилдик телефондон)

+996 554 00 61 11 Whats App

ifcenter.kg

Пикир

Оставить комментарий