• 84.8
  • 98.32
  • 1.21

Шаркансай суусуна түшүп кеткен жаран Өзбекстандын аймагынан изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. 31-май күнү Кара-Суу шаарындагы Шаркансай суусуна 2006-жылы туулган 15 жаштагы эркек бала түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бала Өзбекстандын аймагына агып өтүп кеткен. ӨКМ тарабынан коңшу мамлекеттин аймагында издөө иш-чараларын жүргүзүп берүү боюнча кат жолдонгон.

2-июнь күнү Өзбекстан ӨКМнин 6 куткаруучусу саат 09:00дө Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы “Түштүк Фергана” каналына издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес.

Издөө иштери бүгүн, 3-июнь күнү дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий