• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шаршеев: Тажикстан менен болгон чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Абал туруктуу

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Тажикстан менен болгон чек арада абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, ага карабастан келечекте мындай жаңжалдарды болтурбоо максатында чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда.

Чек ара кызматынын башчысы билдиргендей, ал жерде дайыма чек ара боюнча ыйгарым укуктуу органдардын, тилкелер боюнча жана облустар боюнча чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

“Биз маал-маалы менен Тажикстандын чек ара ведомствосунун жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышып жатабыз”, - деп айтып берди ал.

Аны менен бирге Шаршеев учурда жүрүп жаткан жазгы себүү иштерине байланыштуу тараптар ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер болуп калат, деди.

“Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана башка ведомстволордун жардамы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий