• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыңыз! Бүгүн унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экендигин Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Ал эми эртең, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктардын төлөөгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий