• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! 16 –январга чейин туруксуз аба ырайы сакталат

Коом 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. 12нен 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталат,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 12- 14-16-январь күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт.

13-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуу болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий