• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: 23-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратышты.

Ага ылайык, 21-декабрь күндүзү жана 22-23-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолууу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-26-декабрь күндөрү абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20 градус, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25…-30°, күндүз -10…-15 градус суук болушу күтүлөт.

Тоолордо жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучуна алып келет. Өзгөчө кырдаалдарда 112 номуруна чалуу керек, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий