• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! 23-сентябрдан тарта кескин суук болуп, үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 23-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын куттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

24-сентябрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 16…21°,

Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 10…15° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий