• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: 29-30-сентябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. 29-30-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо каар жашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы төмөндөп: 29-30-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 15…20°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° чейин жылуу болушу күтүлөт.

1-2-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий