• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Шашылыш билдирүү. 5-7-март күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда 5-мартта күндүз жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-8-марттарда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -2…-7° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -4…-9° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4° сууктан +1° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий