• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: 5-7-октябрында үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. ӨКМдин берген маалыматы боюнча 4-5-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы, 4-5-октябрда тоо этектеринде жаан карга айланып, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 5-7-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий