• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы 40 градуска чейин ысык болот

Коом 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Ага ылайык, 27-29-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жогорулайт.

23-24-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

24-июлда күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-июлдарда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

28-29-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий