• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын күтүлүп жаткан кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 10-11-сентябрында Кыргызстандын аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. 10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий