• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 23.11.17. /Кабар/. 26-ноябрда эртең менен, күндүз жана 27-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет таратты.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-28-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий