• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы туруксуз болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 12-октябрында Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу, -деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

13-октябрда күндүз жана 14-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий