• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: аба ырайындын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265, (Көк-Бел ашуусу) 351-365-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдары, (Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон, Сөөк ашуулары) 60-68-чакырымдары, кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 18-19-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-21-февралда абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8…-13°, Сокулук районунда жана Талас өрөөнүндө -10…-15°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2017-жылдын 11-февралында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий