• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. 2017-жылдын 26-ноябрында эртең менен, күндүз жана 27-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 27-28-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий