• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.11.17. /Кабар/. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-28-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15… -20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 23-ноябры күнү КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий