• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 26-28-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 26-декабрда жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет.

27-декабрда күндүз жана 28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий