• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. 2018-жылдын 2-3-мартында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

ӨКМден кабарлашкандай, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий