• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. 11-январда эртең менен, күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет билдиргендей, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 

11-13-январда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 13-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

11-13-январда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы,жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 13-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий