• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бүгүн, 4-мартта саат 18:00дөн кечки саат 21:00гө чейин жана түнкүсүн катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий