• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Бишкек – Ош жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. 1-декабрдан 2-декабрга чейин жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

"Алыскы жолго чыгууда унааны техникалык кароодон өткөрүп, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, медициналык куту, дары-дармек, тез бузулуп кетпөөчү азыктарды ала жүрүңүз", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ унаа жолдо кырсык катталган учурда төмөнкү номерлерге чалууну эскертет:

- 112 бирдиктүү номери;

- 101 – өрт күткаруу;

- 103 – медициналык тез жарадам;

- 102 – Милиция;

- 166 – Куткаруучулар;

- 104 – Авариялык газ кызматы.

Пикир

Оставить комментарий