• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: Ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. ӨКМден кабарлашкандай, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы +35…+40º чейин, ал эми тоолу райондордо +31…+36° ысык болот.

Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
“Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат”, - деп айтылат маалыматта.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле, КР ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий