• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 19-майында күндүз жана 20-22-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий