• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ: Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, жерлерди суу капташы мүмкүн

Аймак 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-6-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн.

Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий