• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, эртең, 15-майда өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий