• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 21-23-июлга чейинки абанын температурасынын жогорулашына жана мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришине байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 21нен 23-июлга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык аба ырайы сакталып турат.

Абанын температурасы - Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22°, күндүз 33…38°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 32…37°, тоо этектеринде түнкүсүн 12…17°, күндүз 28…33°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 20…25°, күндүз 35…40°, тоо этектеринде түнкүсүн 16…21°, күндүз 33…38°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 14…19°, күндүз 25…30°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 30…35°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 27…32°, тоолуу райондордо түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, бийик тоолордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…180 жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий