• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-февралдан 23-февралга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-23-февралдарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, 23-24-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий