• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: көпчүлүк аймактарда абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алсак, 9-10-октябрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

9-10-октябрларда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий