• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин билдирет.

Маалыматка ылайык, 11нен 12-ноябрга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күртүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 мтр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий