• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. 2017-жылдын 29-ноябрында Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл так сакталышы зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын 28-ноябрында №02-34/857-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилип, уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий