• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.12.18. /Кабар/. 2018-жылдын 20-декабрынан 22-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт.

ӨКМден кабарлашкандай, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун 43-44 чакырымдарында Ийри-Суу участкасы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-92 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий