• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: кар жаап, жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы 198-246 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

3-5-декабрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы:

3-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

4-5-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

3-5-декабрда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы:

3-4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили бир аз кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу 3-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0C күндүз 0C

Чүй жана Талас областтары Чүй өрөөнүндө -4...-9, 0...-5

Талас өрөөнүндө -7...-12, 0...-5

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары:

Дыйканчылык аймактарда -2...-7 -1...+4

Баткен областында -2...-7 -1...+4

Ысык-Көл областында -2...-7, -3...+2

Нарын областында -10...-15, -3...+2

4-6-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий