• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Өлкөдө 7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-10-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, 8-февралда күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаашы күтүлөт. 9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 7-9-февралдарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий