• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда ысык аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-июлунан 8-июлуна чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы, 7-8-июлдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий