• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-августта күндүз жана 28-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий