• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоону жана зарыл жумуш жок болсо тоолуу унаа жолдорго сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий