• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагына суук түшөт, кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 16-декабрынан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

16-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

2018-жылдын 16-декабрынан 19-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-92 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий