• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейин республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындай туруксуз аба ырайы унаа айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү 2…7° жылуу.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2 сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.

Тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

2022-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий