• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. 13-декабрдан 15-декабрга чейин өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргизгидромет борбору билдирди.

14-декабрда жана 15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн.

15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын жолдо жүрүшүн кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет", - деп айтылам маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий